Биз социалдык тармакта

Бишкек-Ош унаа жолунда убактылуу киргизилген чектөө алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 17-декабрда саат 07:00дө "Сосновка" жана "Арал" постторунда коюлган убактылуу чектөө алынды.

"Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын, тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында 16-декабрь күнү саат 18:00дөн тартып Жайыл районунун "Сосновка" жана Токтогул районунун "Арал" постторунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген" деп жазылат мекеменин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан