Биз социалдык тармакта

Зордукталган 13 жаштагы кыздын окуясы: ЮНИСЕФ, БУУнун Аялдар фонду жана Адам укуктары комиссариаты үн катты

Ысык-Көл облусунун айылдарынын биринде 3 эркек тарабынан 6 ай бою зордукталып жүргөн 13 жаштагы кыздын окуясы боюнча ЮНИСЕФ, БУУнун Аялдар фонду жана Адам укуктары комиссариаты үн катты.

"Кыргыз бийлиги кыз-келиндерге, өзгөчө балдарга карата жасалган зордук-зомбулукту жазасыз калтырбашы керек. Кыздарга жана аялдарга каршы зомбулук кылгандар мыйзам алдында жазасыз калбашын билиши үчүн соттук териштирүүлөр жана өкүмдөр адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга ылайык калыс чыгарылышы зарыл. Бийлик адилеттикти калыбына келтирип, гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарды реабилитациялоого тийиш", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 11-декабрда Тоң райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктаган деп айып тагылган 3 жарандын экөөсүн эркиндикке чыгарып, бирөөсүн 7 жарым жылга эркинен ажыраткан.

SUPER.KG порталы атайын Ысык-Көлгө барып, аталган окуянын чоо-жайы менен таанышып, тараптардын пикирин угуп келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Janyl98
2020-12-17 12:00:31
Кыргызда кыздын шору коп. Кыздарды кенедейинен эле басымдын, кысымдын астында чонойтушат. Коомдун сабатсыздыгын жоюш керек. Бизде дайыма алсыз аялдарды куноолу кылып коюшат. Бул биздин трагедия. Кыздар биздин коомдо дайыма басмырланып турат. Муну атайын динчил фанаттар, дин кызматкерлер тымызын соц тармактарда ишке ашырып жатышат. Кыздарга карата ар кандай терс коментарийлерди жазып элдин коз карашын тескери нукка буруп жатышат. Буга бутундой ММКлар каршы туруш керек.
+2
sultan_bek
2020-12-17 12:36:08
Бизде динге ашкере берилгендер кыздарды басмырлап турушат. Мусулманчылыкты жамынып алышып кыргыз кыздарына ар кайсы эрежелерди тануулап, басырмалаганды токтоткула молдолор. Андай пропагандаларды да жургузбогуло.
0
mira28
2020-12-17 13:55:03
Мына ушул уюмга кат жонотуп керек. Биздин соттордон адилеттуулук чыкпайт.талтайган 3 эркек зордуктаса бечара жаш кыз стресс болуп тугондуго.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан