Биз социалдык тармакта

Сокулукта сабалган 6 жашар балага Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги жардам берет

Бүгүнкү күндө Сокулукта өгөй атасы тарабынан сабалган 6 жашар бала боюнча кылмышкерге карата тергөө иш-чаралары улантылып жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Учурда бала Ат-башы районунда таенесинин камкордугунда.

"6 жашар балага медициналык-психологиялык жардам, ошондой эле гуманитардык жана материалдык жардам көрсөтүлөт. Мындан тышкары, бала медициналык жактан дайыма көзөмөлдө болуп, баланы багып жаткан үй-бүлөгө көзөмөлдөө туруктуу негизде жүргүзүлүп турат. Ошондой эле үй-бүлөгө баланы мектепке чейинки билим берүү мекемесине жайгаштырууга, келечекте баланы мектепке даярдоого көмөктөшүү боюнча иштер жүргүзүлөт", - деп билдиришти министрликтен.

Баланын учурда психологиялык абалы канааттандырарлык. Ал камкордукка алган үй-бүлө мүчөлөрү менен жылуу мамиледе экендиги айтылат.

"Ат-Башы районунун социалдык кызматы үй-бүлөгө жана балага социалдык колдоо көрсөтүп, тергөө иш-чараларында жана сот өндүрүшүндө баланын кызыкчылыгын коргойт. 6 жашар бала "Балдардын укугун коргоочулардын лигасы" коомдук фондунун жана Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан