Биз социалдык тармакта

Депутат Сабиров пенсиянын көлөмү көтөрүлгөндө аскер кызматкерлериники дагы жогорулашы керектигин белгиледи

Депутат Максат Сабиров пенсиянын көлөмү көтөрүлгөндө аскер кызматкерлериники дагы жогорулашы керектигин белгиледи. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева орточо пенсия 6 миң 61 сом болсо, аскер кызматкерлериники 9-10 миң сомго чейин болорун айтты. "Алардын пенсиясы 5-6 жылда бир көтөрүлөт, бир көтөрүлгөндө жакшы көтөрүлөт", - деди ал.

Депутат: "Аскер кызматкерлери дагы мамлекетке кызмат кылган да. Алар деле пенсиябыз көбөйсө болот эле дешет. Пенсия жалпы көтөрүлүшү керек", - деди.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева бирдиктүү саясат болушу керек дегенди колдой турганын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан