Биз социалдык тармакта

Зордукталган 13 жаштагы кыздын агасы айыпталуучу тараптан 40тай адам келип кечирим сураганын айтты. Буга экинчи тарап жооп берди

Ысык-Көлдөгү зордукталган 13 жаштагы кыздын үйүнө айыпталуучу тараптын жакындары 40тай киши болуп барышып, кечирим сурашкан. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына кыздын атасынын бир тууган иниси билдирди.

"SUPER.KG сайты барып тартып кеткенден кийин кечээ, 16-декабрда айыпталуучу тараптын жакындары агамдын үйүнө 40тай киши болуп барып, кечирим сурашыптыр. Биз тараптан эч кандай көңүл буруу болбогонуна карабай кетпей отуруп алышкан. Акыры биз бул жактан прокуратурага кайрылып, алар милицияга байланышып айтышкан соң укук коргоо органдары барып аларды таратты. Алар бул окуя боюнча кандай чечим кабыл алгандыгын билбейм. Биздин балдарыбыз ак дешип, кайра уялбай дагы кечирим сурап барышканын түшүнбөйм", - деди кыздын агасы.

Аталган окуя боюнча айыпталуучулардын биринин аялына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү айтты.

"Биз барган жокпуз. Элдешкиле деп айылдын аксакалдары, айылдык кеңештин депутаттары, жашоочулар чогулуп барышыптыр. Бизге барабыз деп деле айтышкан эмес", - деди айыпталуучунун жубайы.

Эскерте кетсек, Ысык-Көлдүн айылдарынын биринде 13 жаштагы кызды 6 ай бою айылдаш 3 киши корукутуп,зордуктап жүргөн. Окуя өткөн жылдын ноярбь айынын аягында ачыкка чыгып, кылмыш иши козголгон. Үстүбүздөгү жылдын декабрь айында Тоң райондук соту 3 айыпталуучунун экөөсүн актап, бирөөсүн 7,5 жылга эркинен ажыраткан. Учурда кыздын жакындары жана адвокаты мындай чечимге нааразы болуп, облустук сотко кайрылабыз дешүүдө. Жабырлануучу кыз азыр кризистик борбордо.

SUPER.KG аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн кыздын айылына барып тараптардын пикирин угуп келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
NURSAPAR
2020-12-17 15:02:47
Сотун кошо камаш керек.
+10
Pchelka85
2020-12-17 15:17:51
Айылдын акскалдары, депутаттары мындай Нормалтный адамдарбы????!!!!! Аларда кыздары жок го.. элдештиргени барышса.. они в своем уме... кантип кайсы беттери менен барышты элдешииргени... ташбаранга алышса болмок ошентип чогулуп алышып.
+10
mira28
2020-12-17 15:58:06
Кечиримдуу болуп 4 тыйынын алып тосмо кат жазып журуп Кыргызстанда зоокурлор, педофилдер, каракчылар толуп кетти. Эл да акмак да,1 чон коп жеп коюп турмого тушсо чыгарып бергиле деп куну туну ак уйду сагалап митинг кылып жатып алат. Уяты жок экен тиги аялынын да. Сени тенсинбей сени тебелеп тошогуно тукуруп кетип жатат эрин. Аны эмне актайсын кор болгур. Сенде да кыз болот,аны сандыка салып багасынбы, Кайтар дуйно деген жон кеп эмес. 13 жаш наристеге коз арткан сакалын сайда орттонгур эркек
+13
mira28
2020-12-17 16:13:33
Кыздын ата-энеси сабырдуу уй-було экен. Болгонун болгондой кошумчасыз айтып жатат.Артист болуп ыйлап жулкунган педофил тарапка тан бердим. Уулдары жайы менен жаш кызды куурчактай ойноп катын калачын кагаз карматып чыгарып коюп бири уйуно бекинип бири лечение алып талтайып жатканына олосунбу же куйосунбу.Эл чогулуп барып ур токмоко алгандын ордуна кайра ошолор тарап болуп алганы эмнеси. Бул айылда кыздарынарды мындан ары кантип мектептке жонотосунор.
+12
sabyr86
2020-12-17 16:41:08
Супер Инфо сиздерден сураныч ушул ишитин аягына чыгыныздар
+4
nazira...
2020-12-17 18:32:14
Туура муну угуп мектеп тургай, көчөдө болсо да туалетке кирбей үйгө кел деп калдык.
+4
zilish_kg
2020-12-17 23:02:22
Кырк эмес миң киши келсе да жаш баланын психикасы бузулду, анын келечеги кандай болот, өткөн окуя тагдырына кандай таасир берет? Хоть айыл эли баары келсе да жогорку жазган нерселерди өзгөртө алышпайт. Көңүл - тамчы. Зөөкүрлөрдүн жайы түрмөдөгү эң катаал шартта!!
+4
Kadyrova_
2020-12-18 10:30:20
Алла өзүн жараткан пенделерине өзүн ыйман бере көр.Кыргызстан өлдүкко шерменде болуп.жашы жетелек кызды зордуктагандарга ак чечим чыгара албай.Таш баранга алып кечиресиздер бычып салыш керек андан ашык чечим жок бул зөөкүрлөргө.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан