Биз социалдык тармакта

Жетим-Тоо кенин мамлекет өзү иштетери айтылды

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кен жайын мамлекет өзү иштетет. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев маалымат жыйында билдирди.

"Учурда Жетим-Тоодо 3 миллиард 344 тонна темир бар. Темир кен жайын мамлекет өзү иштетет, бул боюнча улуттук долбоор түзүлөт. Ал эми башка инвесторлорго лицензия берилген жок. Инвесторлорду тартууну көздөгөн жокпуз, каражат Кыргыз-Орус өнүктүрүү банкынан жана Евразия өнүктүрүү банкынан алынаары күтүлүүдө. Долбоордун башталышына 200-300 миллион сомдой акча кетет. Бул каражатты биз долбоорго насыя катары алабыз, анын мамлекеттин тышкы карызына тиешеси жок. Биз Жетим-Тоо темир кен жайы толук кандуу мамлекеттин долбоору болгудай кылып иштеп жатабыз. Ал Кыргыз өлкөсүнүн улуттук долбоору болуп, бюджет үчүн ири кирешелерди алып келе турган болушу керек" , - деди Сагынбаев.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Apyn8793
2020-12-17 17:35:54
Мына, ушул темир менен эле тышкы карызды кутулуп койсо болот.
-1
take_83
2020-12-17 22:23:31
Бул темир 100 000 000 000 болот экенго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан