Биз социалдык тармакта

"Малдын эти 390, шекер 46 сом". Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтүүдө

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, карапайым жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат. Жарманке 17-19-20-декабрь күндөрү соода борборлорунда өтөт.
"Биз үчүн дыйкандар өз продукциясын сата турган аянтча түзүү маанилүү, ал эми жарандар продукцияны ортомчуларсыз жана дүң баада сатып ала алышат. Жарманкелерден тышкары биз ар аптанын аягында республиканын бардык жерлеринде дыйкандар менен сатып алуучулардын ортосунда байланыш түзүп, азык-түлүктү дүң баада сатып алуусуна шарт түзөбүз", - деген Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев.
Жарманкеде азыктардын 1 килограммы төмөнкү бааларда көрсөтүлөт:
• Малдын эти 390 сом
• Тоок эти 135 сом
• Тооктун буттары 100 сом
• Голень 146 сом
• Сан эти 128 сом
• Канаты 190 сом
• Жумуртка 87 сом
• Жумуртка 85 сом
• Шекер 46 сом
Кошумча маалымат алуу үчүн: 0552 886 612
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
myrza_kyrgyz
2020-12-17 20:05:08
Бананы тушурбой эле которые атышат,тескерисинче
Жумуртка 70 сом
Мал эти 300 сом болуш керек,туурабы?
0
myrza_kyrgyz
2020-12-17 20:06:17
То есть "бааны которуп"
0
elli_88
2020-12-17 22:54:24
Адресин кошо жазып косогор болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан