Ош шаарындагы муниципалдык "Жылуулук камсыздоо" ишканасынын башчысы Беделбай Жалалов өз арызынын негизинде кызматтан кетти. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.
Ошондой эле аталган ишкананын фейсбуктагы расмий баракчасына да бул боюнча Жалаловдун кайрылуусу жарыяланды.
Анда Беделбай Жалалов "Жылуулук камсыздоо" ишканасында 27 жыл үзүрлүү эмгектенип, от жагуучулуктан баштап жетекчилик кызматка чейин жеткендиги айтылат. Ал бул ишкананын башчысы болуп акыркы беш жылдан бери иштеп келе жаткан.