Биз социалдык тармакта

"ОшМУга Каныбек Исаковдун ысымын берүү каралууда" дейт билим берүү министри

Мурдагы министр Каныбек Исаковдун ысымын Ош мамлекеттик университетине ыйгаруу каралып жатат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев Ош шаарына болгон иш сапарында жаштар менен жолугушууда билдирди.

"Каныбек Исаковдун ысымы сөзсүз түбөлүккө жашаш керек. Анын атын ОшМУга ыйгарууну сунуштоону ойлонуп жүргөм. Бирок бизге чейин эле Жанар Акаев сунуштап койду. 2021-жылдын январь айынын аягында Бишкекте чоң коллегия өтөт. Анын жыйынтыгы менен Каныбек Исаковдун элесине арналып республикалык деңгээлдеги форум болот. Форумдун чечими менен комиссияга сунуш жөнөтөлү деп жатабыз",- деди Бейшеналиев.

Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ушул жылдын 12-ноябрында 51 жашында эки тараптуу пневмониядан улам мезгилсиз дүйнө салган. Ал Ош мамлекеттик университетин 2011-2019-жылдары жетектеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alpen.gold
2020-12-17 20:25:24
Туура болмок.ОШМУнун өнүгүшүндө салымы өтө чоң.Жаткан жериңиз жайлуу болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан