Биз социалдык тармакта

Кыргыз-Тажик чек арасындагы чырга Кыргыз жаранынын жылкылары жоголгону себеп болгон

Интернетке Кыргыз-Тажик чек арасында жайгашкан Ак-Сай айылында жаңжал чыкты деген маалымат тараган. Бизге аталган айылдын атын атагысы келбеген жашоочусу окуя боюнча төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Кечээ 16-декабрда болжол менен саат 17:00 чамасында Ак-Сай айылынын жаштары чыгып, Исфара-Ворух жолун тосуп салышкан. Алардын мындай кадамга баруусуна Кыргыз жаранынын короосунан түндөсү 2 жылкынын жоголгону себеп болгон. Аттардын изи менен барып Тажикстанга кирип кеткенин көрүшкөн. Жолду бууп салгандан кийин биздин жергиликтүү бийлик менен тажик тараптын өкүлдөрү келишип, бул маселе боюнча сүйлөшкөнүн айтышты. Жыйынтыгында тажик тарап жоголгон жылкыларды таап берүү чечимине келишкен", - дейт Ак-Сай айылынын тургуну.

Аталган маселе боюнча Баткен ОИИБине байланышканыбызда бул боюнча такталып жаткандыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Maksat_ad
2020-12-17 20:21:15
Камера койуш керек чек ара жерге
+1
arimaz89
2020-12-18 06:38:33
Кыргыздар кырың дегенде эле казактар жаап алат чек араны. Тажиктерге да ошону көрсөтүш керек, кыргыздарга кыйшаңдабай жашаганды үйрөнүшөт
+1
nazira...
2020-12-18 09:38:52
Ой тобааа, чек арада ушундай жашашыбы. Ачык эле кирип чыгып жүрө беришеби. Эч качан ойлобогом, рахмат ошол жерде жашагандарга, мен болгондо кетип калсам керек давно. Ошентип чек ара ачыктан тажиктерден коркуп канчасы кетсе керек. Но жерибизди алдырып жиберебиз го, неге ушу күнгө чейин чондор тосуп беришпейт элин тынч жашоосун түзүп. Высокогорье төлөгөндөй ушундай жерлерде жашагандарга да % кошуп төлөп бериш керек, ошондо көрөм кетишкенин, эл көп болсо кире да алышпайт.
0
nazira...
2020-12-18 09:46:05
Совет бийлигинде пограничный зонада жашагандарга Московское обеспечение болчу эле, дефицит нерселерди алыскы райондордон таап сатып алчы элек, ал жерде жашаган эли бай болчу, азыр тескерисинче. Ошондой кылып койсо эле болду эле, чек ара да тынч элин тынч. Кресло талашкандан башка бокко жарашпайт. Ошолордун айлыгын кыскартып погран.зонада жашаган элине төлөп бериш керек мына деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан