"Өкмөт дайыма былтыркыга салыштырмалуу мынча пайыз өстү деп айта берет", - деп бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Максат Сабиров билдирди.
"Чындыгын айтканда өкмөт бюджетти аткарбай келип жатасыңар. Силер алып келген бюджетти 10 жылдан бери көрүп келе жатам. Кагаздарды алып келесиңер, дайыма аткарылбайт. Ушинтип жыла беребиз. Бир сөзүңөр бар. Былтыркыга салыштырмалуу өстү деген сөз", - деди ал.
Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы каралып жатат.