Биз социалдык тармакта

"Бул-тартипсиздик". Вице-спикер өкмөт мүчөлөрүн тартип сактоого чакырды

Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөт мүчөлөрүн тартип сактоого чакырды.

"Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артём Новиков сүйлөп жатканда кээ бир өкмөт мүчөлөрү сыртка чыгып кетти. Бул-тартипсиздик. Парламент бюджетти бекитип берип добуш берүүгө жөнөтсө, туруп кетип жатасыңар. Мамлекеттик этиканы сактагыла", - деди ал.

Жогорку Кеңеште 2019-жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан