Биз социалдык тармакта

Депутат саламаттыкты сактоо тармагында реформа жүргүзүү зарылдыгын айтты

Депутат Өмүрбек Бакиров саламаттыкты сактоо тармагында реформа жүргүзүү зарылдыгын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Депутат кадрларга, медициналык мекемелерди материалдык-техникалык жактан жабдууга байланышкан көйгөйлөрүн көтөрүп, саламаттыкты сактоо системинде реформа жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жыл үчүн бюджетинин киреши бөлүгүнүн факт жүзүндөгү аткарылышы болжолдонгон 15 миллиард 720 миллион 544 миң сомдун ордуна 15 миллиард 234 миллион 805 миң сомду түздү. Бюджет 96,9 пайызга аткарылган.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2020-жыл үчүн бюджети кирешелер боюнча 17 миллиард 558 миллион сом өлчөмүндө түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан