Биз социалдык тармакта

Каза болгондон бери 15 күн өттү. Милиция ооруканада жан берген адамдын жакындарын издейт (абайлаңыз сүрөт)

Ленин райондук ички иштер башкармалыгы тургундардан 3-декабрь күнү Бишкектин Улуттук госпиталында каза болгон адамдын аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт.

"2020-жылдын 18-ноябрында Бишкек шаарынын Пушкин жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен, болжол менен 40-45 жаштар чамасындагы кебетеси азиялык болгон эркек киши эс-учун жоготкон абалда табылган. Ал 2020-жылдын 3-декабрында саат 08:47 чамасында Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Ленин РИИБи бул фактыны реестрге каттады", - деп жазылат билдирүүдө.

Белгисиз адамдын сөөгүн текшерүү учурунда ал төмөнкү кийимдерди кийип жүргөнү аныкталды: кыска кара тон (дублёнка), кара шым, күрөң свитер. Өзгөчө белгилери: сол билегинде жылдыздуу татуировкасы бар.

Ленин РИИБи табылган адамдын сөөгүн аныктоого жардам сурайт. Сүрөттөгү эркек адам жөнүндө кандайдыр бир маалыматы бар адамдар төмөнкү телефондор аркылуу кабарласа болот: 0 (312) 352-605, 0 (551) 102-129 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан