Биз социалдык тармакта

Өзгөн шаарындагы кафеден ири өрт чыкты

Ош облусунун Өзгөн районунда кафеден өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 18-декабрда алдын ала маалымат боюнча Ош облусунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 11:55те Өзгөн райондук №53 өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 12:00дө Өзгөн райондук №103 өрткө каршы бөлүмүнөн 1 бөлүм, саат 12:10до Өзгөн райондук №53 өрткө каршы бөлүмүнөн дагы 1 бөлүм болуп, жалпы 3 бөлүм тартылган.

Ал эми саат 12:50дө өрт чектөөгө алынган. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.




Өзгөндө кафеден өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан