Биз социалдык тармакта

Кээ бир тоолуу райондорго кар жаайт. 19-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 19-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Ага ылайык, жолдорго муз тоңот, батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7...-12, күндүз +1...+6,

Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз +1...+6,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз +2...+7,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...+5,

Нарын облусунда түнкүсүн -19...-24, күндүз -4...-9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -25...-30, күндүз -9...-14 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз +4…+6 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан