Ички мигранттарга пандемия башталганда эч кандай медициналык, гуманитардык жардамдар көрсөтүлгөн жок. Бул туурасында бүгүн, 18-декабрда мигранттар күнүнө карата өткөн иш-чарада үй-бүлөнү пландоо алянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгөрпоева билдирди.

"Пандемия ички миграцияга дагы чоң сокку болду. Жумушсуздуктун айынан ички мигранттар дагы бир топ кыйнчылыкка туш болушуп, айрымдарга психикалык жактан да таасир этип жатты. Жашаган жеринде каттоосу жоктугунан улам ички мигранттарга мамлекет тарабынан эч кандай көмөк көрсөтүлгөн жок. Вирус жуктуруп алгандар да өз алдынча эле дарылануу ыкмасын колдонуп жатышты. Алардын көпчүлүгү паспорт, балдарына туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жөлөк пул ала алышпайт", - деди Бозгөрпоева.