Маданият, маалымат жана туризм министрлиги балдар адабияты сыйлыктарын изденип алууга ачык сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Сынакка мектеп жашындагы жана өспүрүм курактагы балдар үчүн кыргыз тилиндеги чыгармалар төмөндөгү номинациялар менен кабыл алынат:
- балдарга арналган мыкты чыгармалар үчүн (китеп);
- балдардын мыкты жарыяланган прозалык чыгармасы үчүн (китеп);
- балдар адабиятынын чыгармаларын кыргыз тилине мыкты которгону үчүн;
Кененирээк сурап билүү үчүн байланыш телефону: (0312) 66-11-28, 62-34-97, 0550 99-05-27.