Биз социалдык тармакта

397 миллион сомдук зыян келтирилген. Бажы кызматы 11 айда 1097 контрабанда фактысын аныктады

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 1 миң 97 укук бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, бул иштер боюнча аныкталган зыяндын жалпы суммасы 397 миллион 2 миң сомду түзөт.

"Өкмөткө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын контрабанда менен күрөшүү бөлүмү тарабынан 2020-жылдын 11 айында бажы мыйзамдары чөйрөсүндө 1 миң 97 укук бузуу фактылары аныкталды. Алардын ичинен Бузуулардын бирдиктүү реестрине 865 факты, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 232 факты катталды. Бул иштер боюнча аныкталган зыяндын жалпы суммасы 397 миллион 2 миң сомду түздү", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан