Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 3 медицина кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.
Бишкек - 1
Чүй облусунда – 1
Ысык-Көл облусунда – 1
Ал эми бир суткада үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 4072 учур катталды, алардын ичинен 3836 медкызматкер сакайды.