Биз социалдык тармакта

Өлкөдө кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Кыргыз өлкөсүндө кышкы туристтик сезон расмий түрдө Чуңкурчак тоо лыжа комплексинде ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ачылыш аземи министр Нуржигит Кадырбековдун, Казакстандын, Орусиянын, Тажикстандын жана Венгриянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиликтеринин өкүлдөрү, өнөктөштөр жана эс алуучулардын катышуусу менен өттү.
"Салтанаттуу ачылышта министр Нуржигит Кадырбеков келген бардык меймандарга көңүлдүү маанай жана Кыргыз өлкөсүнүн ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды.
Ачылыш аземге туристтик тармакты колдогон өнөктөштөр тарабынан бир катар баалуу белектер тапшырылып, иш-чара жогорку деңгээлде өттү.
Белгилей кетсек, кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Андыктан бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер пландалып жатат", - дешти министрликтен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
amin1986
2020-12-20 11:53:27
Чункурчак тоо лыжасы кайсыл жерде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан