"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Жүзүн үйрүү - ачууланып, кабак кашын бүркөп, жактырбагандай түр көрсөтүү. Мисалы: Көңүлдөш жолдоштору келсе да, аларга жүзүн үйрүп, тетири карап жатып алды. (К.Укаев)
2. Колунан тизгинди алуу - бийликти алуу, бийлеп баштоо, бийлик жүргүзүү. Мисалы: Колумдан тизгинди алып, мыктыларга табакташ элиңе чегээ болорсуң. (Ш.Бейшеналиев)
3. Жоон көкүрөк - эрдемсинген, баатырсынган, мактанчаак, бой көтөрүү. Мисалы: Чаке, мындай жоон көкүрөктөрдү теске саларсыз деген үмүттөмүн. ("Чалкан")