Биз социалдык тармакта

Кээ бир аймактарга туман түшөт. 22-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 22-декабрда өлкө аймагында кар жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;

Талас жергесинде түнкүсүн -8...-13, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн - 2…- 7, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5;

Нарын облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -8…-13;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11 күндүз -1…-3 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан