Орусиянын президенти Владимир Путинге тула таттуусун белек кылуусун суранган Бишкек шаарынын кичинекей тургуну Рустам Ташматовдун өтүнүчү аткарылды. Бул туурасында баланын атасы Алишер Ташматов кубанычы менен Фейсбук баракчасына бөлүштү.

Белектер боюнча Рустам Ташматов ютубдагы жеке өзүнүн каналына да видео жүктөгөн. Анда ал атасынан "Бул белектер Путинден эмеспи",- деп сураган. Анын суроосуна атасы, тула таттуулары Орусиянын кондитерлер союзунан келгенин айткан.
Белгилей кетсек, Бишкектин 7 жаштагы тургуну Рустам Ташматов Орусиянын президенти Владимир Путинге кат жазган. Анда ал "Газпром" же "Роснефть” компанияларынын акционери болгусу келерин жана тула таттуусунун даамын татып көрө электигин жазган.