Өлкөбүздө "Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө" аталышындагы республикалык математика олимпиадасынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, олимпиада 14-16-декабрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы президенттин №2 мамлекеттик резиденциясында болуп өттү. Бул жылы өлкө аймактарынан олимпиадага катышуучулардын саны 1876 окуучуну түздү. Аймактык турдан 47-60 упай топтогон 616 жарым финалчылардын ичинен 171 катышуучу финалга өттү.
Алтын медалды жеңип алышкандар:
Күмүш медалдын ээлери:
Коло медалды жеңип алышкандар:
Таймаштын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Мындан тышкары бардык катышуучулар сертификатка ээ болушту.
"Жаш пифагорлор техника дүйнөсүндө" олимпиадасы – бул биздин өлкөбүздүн мектеп окуучуларынын билимин баалоо менен гана чектелбестен так илимге, технологияга жана ойлоп табууга болгон каалоосун ырааттуу билим берүү траекториясына айлантууга мүмкүнчүлүк түзүү менен окуучуларыбызга Кыргызстандагы STEM-билимди жигердүү жайылтуунун инновациялык мамилеси.
Аталган олимпиада өлкөбүздө 14 жылдан бери өтүп келе жатат. Олимпиада таланттуу балдарды аныктоо, региондордо алардын интеллектуалдык жана чыгармачылык жактан өзүн өстүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле окуучулардын математикалык жана интеллектуалдык жөндөмүн колдонуу менен келечектеги кесибин тандоодо чечим кабыл алышына жардам берүүнү көздөйт", - деп жазылат маалыматта.
Олимпиаданы Билим берүү жана илим министрлиги жана "Алтын түйүн" балдардын республикалык инженердик-техникалык академиясы уюштурган.