Чүй облусунун Озёрный айылында социалдык шаарчанын ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, социалдык шаарчада турмуштук оор кырдаалга кабылган 14 үй-бүлө жашайт.
"Иш-чарага вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров, Катар мамлекетинин Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти, "Катар Чарити" кайрымдуулук фондунун директорунун милдетин аткаруучу Моххамад Хомам Ал Самман жана башкалар катышты.
Социалдык шаарча президенттин 2020-жылды "Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылы деп жарыялоо жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында "Катар" кайрымдуулук фонду тарабынан курулган", - деп жазылат маалыматта.