Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп Жылдызбек Турганбаев дайындалды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.
Бүгүн, 21-декабрда жаңы биринчи вице-мэр шаардык мэриянын жамаатына тааныштырылды.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мурдагы вице-мэри
Саибжан Турдуев бүгүн өз арызынын негизинде иштен кеткен.