Биз социалдык тармакта

Бишкекте курула турган стадиондун ордуна министрликтер үчүн имараттарды салуу чечилгени айтылды

Бишкекте курула турган стадиондун ордуна министрликтер үчүн имараттарды салуу чечилди. Бул тууралуу "Вечерний Бишкек" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, заманбап спорт комплексин курууну демилгелеген өкмөт өз сунушунан баш тарткан.

"Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин кызматкерлеринен маалымат алууга мүмкүн болду. Анда "Бишкектин түштүк-батыш тарабындагы Спорттук шаарчаны курууга бөлүнгөн жер тилкесине турак-жай комплекстерин, коомдук борборлорду жана социалдык инфраструктура объектилерин куруу каралган. Буга байланыштуу Бишкек Башкы архитектура муниципалдык ишканасы тарабынан Бишкектин түштүк-батыш бөлүгүн деталдык пландоо иштерине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди. Учурда Бишкек шаарында 12 министрлик, 4 комитет жана 42 мамлекеттик мекеме иштеп жатат. Алардын баары шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашкандыктан транспорттун жумушуна тоскоолдук жаратып, экологиялык кырдаалга терс таасир тийгизип жатат. Буга байланыштуу өкмөт "жер тилкесин административдик шаарчаны курууга өткөрүп берүү" боюнча токтомдун долбоорун иштеп чыкты. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги токтомдун текстине шаар бийлигин башка аймактан жер бөлүп берүүгө милдеттендирген пунктту киргизүүнү сунуштады", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Кыргыз курама командасынын 2019-жылы өткөн Азия Кубогунда жараткан ийгилигинен кийин Бишкек шаарына заманбап стадион куруу маселеси актуалдуу темага айланган. Кийинчерээк ФИФА уюму спорт комплекс куруу үчүн Кыргыз өлкөсүнө 10 миллион доллар каражатты грант катары берери белгилүү болгон. Аталган грантка ээ болуу үчүн мамлекет тарабынан жер тилкеси бөлүнүп берилиши керек эле. Буга байланыштуу Бишкектин түштүк тарабынан 30 гектар жер бөлүү боюнча атайын чечим кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nazarnew
2020-12-21 22:14:39
Нафиг бизге кереги жок чимкириктер үчүн жай, лучше спорт стадиону курулсун.
+11
Sara1993
2020-12-22 08:51:58
nazarnew,туптууура

0
Sancho-
2020-12-21 22:22:14
Анан эмне болду? Курулбай калып кеттиби.
+7
kanybek1986
2020-12-21 22:36:33
10 млн алып алдыларда жалган эле жерди коргозуп салгыла да жер стадион го болунгондон кийин
+6
shejol
2020-12-21 22:44:24
Бош жаткан "ыссыкол"мейманканасын ак үй кылып.Борбордогу ак үйдү бузуп эски стадионду кошо бузуп чооң заманбап куруш керек го.чондор ошол жакта иштей беришсин пропка да жоголот
+4
ZALKARBEK.84
2020-12-22 02:18:44
Аттин, аттин! Балдардан келечегин ойлосом кыжалат тартам, башка олкого кочуп кетким келет. Неге мусулман эмес олколор онуго берет, биз артта калабыз,неге алар спорт учун кам корот, биз буттан чалабыз, келечегибиз барбы озу?? Кудайым ыйман берсин баарыбызга.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан