Бүгүн, 21-декабрда "Жыл мыктылары-2020" долбоорунун жыйынтыгы чыгарылып, анда "Супер-Инфо" гезити жыл мыктысы деп табылды. Сыйлык ээлерин куттуктоо борборубуздагы ресторандардын биринде өттү.
"2020-жылдын мыкты гезити" наамын режиссёр Молдосейит Мамбетакунов тапшырды.

Иш-чара Ош шаардык маданият башкармалыгы, Ош шаардык Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттик жана 5-канал менен биргеликте өткөрүлдү. Анда маданияттын, шоу-бизнестин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын мыктылары сыйланды.