Бишкек шаардык мэриясы "Ала-Тоо" аянтында, тагыраагы, Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө кечкисин жүрүүгө чектөө киргизди. Аталган мекеменин маалыматына ылайык, чектөө бүгүн, 21-декабрдан 2021-жылдын 8-январына чейин күчүндө болот.
Маалым болгондой, кечки саат 20:00дөн түнкү саат 01:00гө чейин жарандардын кыймылына чектөө киргизилет. Мындай чечимге шаардын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.