Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 13 жаштагы кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди кылганга Кыргыз өлкөсүндө туулган адам шектелүүдө. Бул тууралуу орус басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, 20-декабрь күнү кыздын апасы полицияга кайрылып, 34 жаштагы кошунасына карата чара көрүүнү суранган. Жазган арызында ал 13 жаштагы кызына кошунасы сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасап качып кеткенин билдирген.
"Ички иштер министрлигинин кызматкерлери учурда окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатышат. Жакынкы аралыкта Кыргыз жаранына карата тийиштүү берене менен кылмыш ишин козгоо маселеси чечилет", - деп айтылат маалыматта.