Биз социалдык тармакта

Суракка түрткөн конверт. Орусиялык басылмалар Кыргыз жараны испекторго пара сунуштап кармалганын жазышууда

Орусиянын Екатеринбург шаарында Кыргыз жараны мас абалында унаа башкарып бара жатып полиция кызматкерлерине кармалып, андан соң жол кайгуул кызматынын инспекторуна пара берген. Мындай маалыматты, Орусиянын укук коргоо органдарына таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, 20-декабрда 44 жаштагы киши ВАЗ 5 үлгүсүндөгү унааны айдап бара жатканда аны Орусиянын Свердлов облусу боюнча жол кайгуул кызматы токтоткон.

"Полиция ал киши мас абалда экенин айтып, аталган жаранга алардын артынан патрулдук унаага түшүүсүн суранган. Полициянын унаасынан кармалган айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн протокол түзбөөсүн суранып, пара катары ичинде 60 миң рубль бар конвертти сунган. Инспектордун акчаны кайтарып алуу боюнча бир нече сунушун айдоочу уккан эмес. Натыйжада, жол кайгуул кызматынын инспекторлору кесиптештерине пара берүү жөнүндө билдиришип, пара берген адам кармалган. Орусия Федерациясынын Свердлов тергөө комитетинин кызматкерлери ага карата кылмыш ишин козгошту", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
faraon312
2020-12-22 13:24:24
Биздикилер сразу өздөрү сурап алмак..
+13
Zhanybek88
2020-12-22 13:28:14
Инспектор
+4
abusait
2020-12-22 14:13:52
Кыргызстанда журом деп элестеп алганго.
+4
medet1983
2020-12-22 14:42:15
Орусияда биздей эле пара алат,просто не повезло мужику.
+7
bema_bema
2020-12-22 18:53:57
medet1983,Азыр гаилердин кокурокторуно камера анан диктофондор бар ошого алгысы келсе дагы алалышпайт.Этият болгула мекендештер.
+3
Tynar1213
2020-12-22 17:49:33
Жыл аягында званияга иштеп жатышат
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан