Жалал-Абадда электр тармагында иштеген кызматкерлер сыйланды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясы энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, шаардык электр энергиясын сатуу ишканасынын алдыңкы кызматкерлерине Ардак грамоталарды тапшырды.
Белгилей кетсек, 22-декабрь - Кыргыз өлкөсүндө энергетиктердин кесиптик майрамы. Аталган дата 1966-жылы СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун указы менен 1920-жылы Бүткүл Орусиялык Кеңештин сегизинчи съездинде Орусияны электрификациялоо мамлекеттик планын кабыл алуу күнүнө карата кабыл алынган.
Кыргыз мамлекетинде Энергетиктердин күнү өкмөттүн токтому менен 1994-жылы 30-июнда бекитилген. Энергетиктердин кесиптик майрамын Орусия менен Кыргыз мамлекетинен тышкары Беларусь, Армения жана Украина өлкөлөрү белгилейт.