Кыргыз өлкөсүндө 2021-жылды "Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо" жылы деп жарыялоо сунушталууда. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн бизнес-акыйкатчынын орун басары Нурлан Мусуралиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, пандемия учурунда, өлкөдөгү баш аламандыкта бизнес тармагы оор жоготууларга учурады.
"Өткөн жума күнү бизнес-акыйкатчы тарабынан президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовго кат жиберилген. Анда 2021-жылды "Экономиканы калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, ишкердикти колдоо жана коргоо" жылы деп жарыялоо сунушталган", - деген Мусуралиев.