Биз социалдык тармакта

Өлкө аймагында кар жаабайт. 23-декабрга карата аба ырайы

Эртең, 23-декабрда өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. ​

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…+3;

Талас жергесинде түнкүсүн -9...-14, күндүз -4…+1;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз +1…+6;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +1…+6;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15 градус болот.

Бишкекте кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14 күндүз -1…+3 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан