Биз социалдык тармакта

Бишкектик окуучу Орусияда өткөн көркөм окуу боюнча сынакта ийгилик жаратты

Бишкектеги №48 мектеп-гимназиясынын 7-классынын окуучусу Кайрат Табылдиев Орусияда өткөн көркөм окуу боюнча сынакта ийгилик жаратты. Бул тууралуу өлкөдөгү Орусиянын илим жана маданият борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуучу "АзБукиВеди" деген сынакта экинчи даражадагы лауреат аталды.
"Кайрат Виктор Астафьевдин "Зачем я убил коростеля?" деген чыгармасын көркөм окуп берди. Буга чейин ал ушул эле чыгарманы "Русская премьера" театралдык фестивалында аткарып берген.

Сынак Вятка гуманитардык гимназиясы, Вятка мамлекеттик университетинин Социалдык жана гуманитардык илимдер институту тарабынан уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан