Биз социалдык тармакта

Толугу менен Өзбекстан каржылаган. Баткендеги 200 орундуу оорукана пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Кадамжай районунда 200 орундуу жаңы инфекциялык оорукана пайдаланууга берилди. Бейтапкананы куруу толугу менен Өзбекстан мамлекети тарабынан каржыланды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан оорукананын ачылышы бүгүн, 22-декабрда орун алганын кабарлашты. Салтанаттуу иш-чарага Өзбекстандан келген делегация жана өкмөттүн облустагы өкүлү Мунарбек Насиров, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана медицина кызматкерлери катышты.
Алымкадыр Бейшеналиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевге көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Жеңил конструкциялар менен курулган эки корпустуу бейтапкананын курулушу кыска убакыт аралыгында бүткөрүлдү. Анда коронавирус инфекциясынан жабыркаган бейтаптарды дарылоого бардык шарттар түзүлгөн жана медициналык жабдыктар менен камсыздалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sainazarov0555
2020-12-22 21:11:02
Уят эле болдукко
+3
Nursul
2020-12-22 22:04:44
Өзбекстан Туртся Арая Россия дагы башка өлкөлөр салып берет деп оозубузду ачып отура берели дүйнөгө кеп болуп өзүбүз качан бир нерсе салар экенбиз качан биз дагы башка өлкөлөрго жардам көрсөтөр экенбиз өзү.
+2
Moskva93
2020-12-22 22:39:18
Мен эле алып берет элем ушундай контенерден 10 штук
Жетсе керек эле
0
Asel69
2020-12-22 22:50:00
Ар кимге коз каранды болуп калдык.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан