Сүрөтчү Зафер Динчер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жаңы сүрөттөрдү жайгаштырды. Андагы көз жоосун алган көркөм сүрөттөр Ош шаарынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Папанда тартылган.
Сүрөттөрдө кыш мезгилиндеги айылдын жай турмушун көрүүгө болот. Социалдык тармактын колдонуучулары сүрөттөрдү өз баракчаларына бөлүшүп, жагымдуу пикирлерин калтырышкан.



