Жасалма документ колдонуу фактысы менен кармалып, эки айга камакка алынган Кылычбек Саркарбаев Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча Ош шаардык аймактык комиссиясы Саркарбаевди кызматтан алуу боюнча сунуш беришкен", - деп жазылат маалыматта.
Кылычбек Саркарбаев 16-декабрь күнү УКМК тарабынан кармалып, анда УКМК 1987-жылы 20-январда туулган Кыргыз Республикасынын жараны Саркарбаев Кылычбек Асылбековичтин паспорт алуу мыйзамдуулугун текшерүүдө документте жасалмалоо фактысын аныктаганын билдиришкен.