Бишкек шаарынын окуучулары Москвада онлайн өткөн эл аралык мегаполистердин олимпиадасында коло медалга ээ болушту. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынак 16-19-декабрь аралыгында 4 сабактын (математика, физика, химия, информатика) негизинде өттү.
"Сынакка 14 жаштан 18 жашка чейинки чоң шаарларда жашаган окуучулар катышты. Бишкек шаарындагы окуучулардан түзүлгөн команда коло медалга ээ болушту", - деп жазылат маалыматта.
Аталган сынакка катышкан окуучулар 2019-2020-жылдары республикалык жана шаардык олимпиадалардын негизинде тандалып алынган.
Мегаполистердин олимпиадасы - эл аралык командалык таймаш. Жыл сайын Москвада өтөт. Биринчи жолу аталган сынак 2016-жылы өткөн. Анда ага 22 мегаполистен 173 окуучу катышкан.