Биз социалдык тармакта

37 жашта болгон. Сүлүктүдө урап калган шахта алдында калган жарандын жансыз денеси табылды

Буга чейин Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахта урап түшүп эркек киши изделип жатканы кабарланган. ӨКМнын маалымат кызматынан маркумдун жансыз денеси табылганын кабарлашты.

"22-декабрь күнү саат 10:40та “Ашымбай” шахтасы урап түшүп, 1983-жылы туулган М.З. аттуу эркек адам калып калган. Бүгүн, 23-декабрда Тоо кен куткаруу кызматынан 16 куткаруучу, ИИМден 6 кызматкер, 20 шахта кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүп, маркумдун жансыз денесин алып чыгышты", - дейт маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aliza_96
2020-12-23 22:51:35
Ыйманы саламат болсун! Олум отто эле коп болуп атат, Аллахым сактаса экен. Зынакорлук коп болсо,олум дагы коп болот деп айткан экен, Пайгамбарыбыз ( с.а.в.)
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан