Биз социалдык тармакта

Оштун мэри шаардын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчилигине өзүнүн жан сакчысын дайындаганы айтылууда

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Бекдөөлөт Абакиров дайындалганын шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлаган.

Маалыматта 29 жаштагы Бекдөөлөт Абакиров буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык “Жапалак” автоунаа базарынын директору болуп иштеп келгени, бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү экендиги белгиленген.

Буга чейин жасалма документ колдонуу фактысы менен кармалып, эки айга камакка алынган Кылычбек Саркарбаевдин ордуна дайындалган Абакиров Оштун мэри Таалайбек Сарыбашевдин жан сакчысы экени социалдык тармактарда жазылууда. Интернет колдонуучулары Таалайбек Сарыбашевди Бекдөөлөт Абакировго окшош адам коштоп жүргөн бир нече сүрөттөрдү жүктөшүүдө.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан комментарий алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shejol
2020-12-24 08:26:11
Башталды..
-1
anash
2020-12-24 08:47:35
Койсо койгондурда эмнеси бар экен кудасын койгон жокко Таалай азаматсын ото жакшы иштеп жатат Бишкеке келип мээр болуп берсе жакшы болмок
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан