Биз социалдык тармакта

Эне тилге эки мүнөт: "Бармак басты, көз кысты" дегендин мааниси кандай?

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында фразеологизм сөздөрүнүн маанисин эл аралык Кувейт университетинин лингвистика жана социалдык гуманитардык илимдер кафедрасынын доценти Гүлнур Жамалбекова түшүндүрүп берди.
1. Бармак басты, көз кысты - башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын маселени бүтүрө салмай, амалкөйлүк деген мааниде. Мисалы: Ташкенден келген өкүл Кызылбаш менен "бармак басты, көз кысты кылганын" эл да укту. (К.Каимов)
2. Колу жетик - колунда бар, жетиштүү, бардар. Мисалы: Небере-чөбөрөлүү, малдуу, колу жетик жашайт экен. (Ш.Бейшеналиев)
3. Акка моюн сунуу - дүйнөдөн кайтуу, өлүмгө моюн сунуу, дүйнө менен коштошуу. Мисалы: Чоң энем ошол күнү бардыгыбызды чакырып, керээзин айтып, кечке жуук акка моюнун сунду. ("Ала-Тоо").

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан