"Биз сотторду текшерип жатабыз. Кечээ эле дагы бир сот үй-бүлөсүн алып Дубайга кетип калыптыр" - деди маалымат жыйында Ташиев.
"Жакында кармалган соттун 20 батири бар экен. Бул эмне деген шумдук! Биз айтып оозду жыйгыча дагы бирөө Дубайга эс алганы кетиптир. Соттордун шубасы 5 миң доллар, өтүгү миң доллар экен. А унаасы 100 миң доллар. Эми биз катуу чараларды көрөбүз", - деп билдирди УКМКнын башчысы.