Депутат Ысык-Көлгө бараткан жолдогу камералар эл аралык талап менен орнотулбаганын айтты. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.
"Ысык-Көл обулусуна баратканда камералар турат. Эл аралык талап менен коюлган эмес. Жол белгилери жок. Бул бизнес кылуу. Айдоочулардан көп даттануулар түшүп жатат. Эл аралык талап менен жол белгилери коюлушу керек. Өкмөт ушул маселелерди карап чыгышы зарыл", - деди ал.