Биз социалдык тармакта

Кылмыш иштерге аралашкан спортчуларга Камчыбек Ташиев кайрылды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында спортчуларга кайрылуу жасады.

"Буга чейин биздин бандиттер өтө бай жашап келишкен. Алар кымбат үйлөрдө жашап кымбат унааларды айдашчу. Эми алар андай жашабайт. Себеби биз алар менен катуу күрөштү баштадык. Эми алар мыйзам чегинде жооп беришет.

Бизде бандиттер мурдагыдай бай жашабайт. Мен дагы кайталайм. Алар эми мурдагыдай жашабайт. Азыр, эми алар кылган иштерине карата жооп берет. Акыркы убактарда спортчуларыбыз аралашкан көп кылмыш иштери болуп жатат. Мен спортчуларыбызга кайрылат элем. Силер мекендин сыймыгысыңар. Силер каяктагы крим дүйнөгө аралашпаңыздар. Күчүңөрдү мекен үчүн жумшагыла.

Мен сөз берем биз кылмыш дүйнөсүндөгү адамдар менен күрөшүп, баарын тазалайбыз",- деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Mustafo
2020-12-24 11:43:59
Камчы ава сизге Гудайым ден соолук күч кубат берсин.
+7
Shabi
2020-12-24 13:19:24
Mustafo,Ким ал гудай деген
0
nazarnew
2020-12-24 11:44:37
Ушул бандиттерди, черныйларды кырып эле салгылачы оптом.
+14
AdylbekB84
2020-12-24 14:38:28
Оозуңузга май Кыргызстанда качан бизнесин жеке ишин коркпой башкарган заман келет экен деп күткөндөр көп! Спорт залдарды текшерип аларга 10 -15 мүнөт адеп сабагын өтүп туруш керекко!
+3
bbek
2020-12-24 17:28:12
Камчы азамат бар экенсинго кылмышкелер бекинип жашаш керек элден
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан