Депутат Чынара Урумкалиева миграция боюнча туура саясат жүргүзүү керек экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Кыргыз мамлекетинде миграция маселеси чар-жайыт болуп жатат. Канча чет элдик жаран бар деген суроого мамлекеттик органдар жооп бере алышпайт. Электрондук каттоо УКМКга кирет деп жатышат. Бул маселе боюнча тийиштүү мекемелерге кайрылып көрдүм. Эч кимиси миграция боюнча саясат жүргүзбөйт. Айып пул салганга келгенде бул маселени карашат. Алгач мамлекетке келип жаткан адамдардын шартын түзүп бериш керек. Миграция боюнча туура саясат жүргүзүш керек", - деди ал.