13 жашар кызды зордуктаган 3 адамды актаган Тоң райондук судьясы Сабыр Соодонбеков өзүнүн чыгарган өкүмү тууралуу Vesti.kg басылмасына билдирди.
Анын айтымында, ал чуу жараткан чечимди ички туюмуна таянып чыгарган.
"Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз. Сот чечимин чыгарганда мен өзүмдүн ички туюмума таяндым. Башка эч нерсе айта албайм", - деген Соодонбеков.