Айрым өлкөлөр биздин мамлекеттин иштерине кийлигишүүнү каалап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын учурунда билдирди.
"Бизде көптөгөн маалымат жана фактылар бар. Айрым тыңчыларды кармадык. Алар Кыргыз өлкөсүндөгү коомдук тартипти жана мамлекеттик түзүлүштү күч менен өзгөртүү боюнча иш алып барууга аракет кылышкан. ", - деди ал.
Бирок УКМКнын төрагасы бул тыңчылар кайсы өлкөнүкү экенин айткан жок. "Биз билебиз, силерге билүүнүн деле кажети жок", - деп кошумчалады ал.