Маалымат жыйында Камчыбек Ташиевден журналисттер мурдагы Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаевдин кайда экенин сурашты.
"Алардын иши Башкы прокуратурада каралып жатат. Мен билбейм", - деди Ташиев.
Бүгүн, 24-декабрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берип, журналисттердин бир канча суроолоруна жооп берди.